Шалаакылык! Тишин даарылайм деп өлүм тапкан кыз (Сүрөт)

408

Балыкчы шаарынын тургуну О.Махабат 25 жаштагы Нурия аттуу сиңдиси дарыгерлердин жаңылыштыгынан каза болгонун айтып, тиешелүү органдардан аларга карата чара көрүүнү өтүнүүдө. Бул боюнча маалымат сайттары жазууда.

Маалыматка ылайык, Нурия Балыкчы шаарында 1994-жылы туулган. 2013-жылы Түркиянын Измир шаарына кетип, ошол жакта иштеп жаткан. Акыркы 6 жылдан бери үй-бүлөсүнө жардам берип келген. Быйыл 15-январьда Кыргызстанга келип, кайра кетүүнү пландап жаткан, бирок тилекка каршы ал максаты ишке ашпай арадан 12 күндөн кийин көз жумган.

Нуриянын эжесинин маалыматында, сиңдиси сагыз чайнап жатып,тишин оорутуп алган. Аны даарылатуу үчүн Балыкчы шаарындагы стоматологиялык ооруканалардын бирине кайрылган.

Тиш дарыгер пломбанын каналын ачып, убактылуу дары коюп, бат эле жаап койгон. Үйгө келген соң Нуриянын дене табы көтөрүлүп, тамагы шишип чыккан.

Дарыгер тамагы оорубай эле, тишинен шишик пайда болуп жатканын айтып, тез арада тиш дарылоо бөлүмүнө баруу керектигин айткан.

Биз ошол замат тиш дарыгерге бардык, алар сиңдимдин өтө оор абалда экенин көрүп, Балыкчы шаардык оорукасынын хирургия бөлүмүнө өздөрү такси менен жеткирип барышты. Ал жерден операция жасалып, ириң таба албай коюшту. Сиңдимдин дене табы түшпөй, шишик тарай электе кактоо жолу менен (физиотерапия) дарылоого өтүшкөн. Нуриянын алы кетип, дене табы жогорулап, денесин калтырак басып калганда оорукананын жаак хирургия бөлүмүнө жөнөтүштү. Ал жерден дарыгерлер тез арада чогулуп, дарыгерлердин кеңешин өткөрүшкөн соң, операция кылып жатышкан учурда сиңдим каза болуп калды. Ал жердеги дарыгерлер: “Бейтапты биринчиден кеч алып келдиңер, анан Балыкчы шаарынын дарыгерлери өтө чоң ката кетиришип, ириң бар жерди эмес, өйдөрөөк жерден кесип коюшкан. Эртерээк келгенде туура операция жасалып, тирүү калмак” деп билдирет маркумдун эжеси

Өз учурунда Нуриянын эжеси Махабат тиешелүү органдар тарабынан дарыгерлерге карата чара көрүүлүүсүн суранат

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь