“Атамбаев убагында бакиевди сатып кеткен”-Алмазбек Акматалиев

435

Алмазбек Акматалиев өзүнүн фейсбук баракчасына Алмазбек Атамбаевге карата өзүнүн пикирин жазган. Анда:

Иса Өмүркулов Атамбаевди ” көзүн май баскан” деп сыпаттаса, Исаны бир тобу саткын деп жазып жиберишти, убагында үндөбөй эле, баарына макул болуп жүрбөдү беле деген таризде!

Ээй, туугандар! Атамбаев деле убагында Бакиев менен сопсонун эле иштешсе болот экен деп мактап жактап, Бакиевдин колунан орден алып, аны менен кучакташып өбүшүп кетпеди беле! Анда, ал саткын эмессби?
Минтип чукуша берсек бири бирибиздин көчүгүбүздө тамтык калбайт, айтып койойун силерге! Андан көрө алдыга жылалы, жаз келди, дүйнөдө эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп жатат! А биз болсо бирден чыбык көтөрүп алып бири бирибизди аңдып жүрөбүз

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь