БИШКЕКТЕ АЙДООЧУСУ ЖОК ТАКСИ ЖҮРӨТ(видео)

361

Бишкектеги такси кызматтарынын биринин шашкасы тагылган унаа айдоочусу жок жүрүп бараткан маалымат сайттарына жарыяланды.
Кадрда көрүнүп тургандай, айдоочусу жок унаа Ибраимов, Горький көчөлөрүн аралаган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы такси кызматы мындай унаага уруксат албаганын жана бул болгону тамаша тор болушу ыктымалдыгын билдирди.

Ал эми такси кызматынын өкүлдөрү шаарды чын эле айдоочусу жок унаа кыдырып жүргөнүн тастыктап, унаа тесттик режимден өтүп жатканын айтып ишендирүүдө. Ошондой эле унаа боюнча толук маалыматты бир нече күндөн кийин беришерин айтышты.

“Унаага тагылган номер 2013-жылы чыккан ак түстөгү Toyota Camry үлгүсүндөгү машинага берилген”, — дешкен Мамкаттоодон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь