Ош областынын Мады айылында эшек бизнеси “өнүгүп” жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңеште “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров өкмөттүн жазгы талаа жумуштары жөнүндө маалыматы угулуп жаткан учурда билдирди.
“Ош областынын Мады кыштагында Кытайдын жарандары эшек баккан ферма ачып алышкан. Бул кандай? Эмне үчүн аларды айылда кармап жатышат. Бул деген толук бойдон санитарияга каршы келет. Мамлекеттик ветеринардык инспекция каякты карап жатат?”,-
Мындай нааразчылыкка ,Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук агенттигинин башчысы Калысбек Жумаканов, баардык эшектер идентификациядан өткөрүлгөнүн жана санитардык нормалар сакталып жатканын билдирди