Фейсбук колдонуучусу Искен Афиджанов жол көзөмөлдөө кызматынан качкан унаанын видеосун жарыялаган. Анда көрүнгөндөй “Хонда фит” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кызматкерлерден качуу айласын көрүп, бурулууга аракет кылганда алдында турган тосмону дагы сүзүп алган.
Бирок ага карабай жол көзөмөлдөө кызматкерлери жакын келген учурда кайрадан карматпай качып кеткен.
Бул видео боюнча Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматына байланышканыбызда,аталган тасма тууралуу териштирүү жүрүп жатканын жана маалымат такталган соң кабар берээрин билдиришти