“Караңгы заман келди”- Роза Отунбаева

415

Экс-президент Роза Отунбаева “Аймактар жетекчилик кызматты жалаң эркектер аркалап келет, аялдарды аталган кызматка жолотпой жатышат” деп билдирген. Мындай оюн ал «Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» конференциясында маалымдап, мындай кадамды “Караңгы заман” деп атаган:

«Азыр саясий ландшафт өзгөрдү. Мындай караңгы заман эч качан болгон эмес. Аймактардагы бардык жетекчилик кызматтарды эркектер ээлейт. Мен ушуну премьерге айткым келет, бирок ал жок. Бардык дайындоолор анын колунда. Ал эмне үчүн жалаң эркектерди дайындайт? Өлкөдө 7 губернатор, 40 аким жана 35 мэр иштейт — алардын ичинде бир да аял жок. Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалогдун учурунда филармонияны 1200 эркек ээлеп алды. Көрсө аймактар үчүн эркектер гана сүйлөшөт экен», — деди Роза Отунбаева

Эске салсак, аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог — бул президент, өкмөттүн аткаминерлери жана судьялар катышкан ири конференция. Бул жылы конференция 26 жана 27-февралдарда Бишкекте өткөрүлгөн

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь