КТРКга жетекчи болуп Үсөн уулу Жайнак дайындалат. Бүгүн, 6-мартта Байкоочу кеңештин мүчөлөрү талапкерди тандоо жыйынын өткөрүшүп, жашыруун добуш берүү өткөрүлдү. Анда Үсөн уулу Жайнак 13 добуш менен алдыга чыкты. Ал эми,Болотбек Тиллебаевге 1 добуш, Галина Байтерекова 1 добуш берилген. Байкоочу Кеңештеги жалпы 15 адам добуш берүүгө катышты.

Белгилей кетсек КТРКга жалпысынан 22 адам арыз берип, алардын 19 документ тапшырган. 1-мартта Байкоочу кеңеш 17 талапкердин программасын угуп, жыйынтыгында Адил Турдукулов, Сураган Босумбаева, Ибрагим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Замирбек Казакпай уулу жана Болотбек Тиллебаевди финалдык турга өткөргөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: