Милиция кызматкери унаасы менен мектеп окуучусун койуп ,жыйынтыгында өспүрүм жеринен каза тапкан. Бирок, окуучунун өлүмүнө себепкер милиция жаза өтөбөйт. Анткени жабырлануучу тарап менен кылмышка шектүүнүн үй бүлөсү бир келишимге келип, жыйынтыгында арыз жазылган эмес. Каза тапкан баланын жакындары койдуруп алган милиция кызматкерине доосу жок экенин дагы кошумчалашкан. Бул боюнча, Чүй облусунун маалымат катчысы билдирди.
Эске салсак, 29-январь күнү болжол менен таңкы саат 7:10 чамасында, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден мектеп окуучусун унаа койуп жыйынтыгында ал каза тапкан. Койдуруп алган жаран кайгуул кызматынын сержанты экени белгилүү болгон.
Ага карата кылмыш иши козголгон. Тергөө иши башталып, бирок аны токтотууга туура келди деп жазылат маалыматта