Чет элдик жаранды коркутуп, акча талап кылган кылмышкерлер кармалды (ВИДЕО)

361

Ысык-Көлдө чет элдик жаранды уурдап кетип, ур-токмокко алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка караганда, кылмыштуу топ жабырлануучуну чөктүрүп, уруп көп суммадагы акча талап кылышкан:

” Милицияга чет элдик жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында 3-февраль күнү 4 белгисиз жаран аны мажбурлап унаага салып алып кеткен. Унаа тоого барып, ичиндеги жаранды сыртка чыгарып 5миң доллар талап кылышкан. Андан тышкары жабырлануучунун унаасын кылмышкерлерге каттап берүүнү талап кылып болбосо сууга чөктүрөбүз деп коркуткан. Чет элдик жарандын кабыргаларына закым келген. Андан соң жаранды шаарга башына кап кийгизип алып келип, 13миң доллар турган унаасын айдап качышкан” деп жазылган маалыматта.

Милиция кызматкерлери арыз боюнча териштирүү ишин баштап, жыйынтыгында кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныкташкан. Алардын арасында крималдуу чөйрөгө мурдатан аралашкандар дагы бар.

“Кармалган шектүүлөрдүн бири 30 жаштагы Н.С Ысык-Көлдүн тургуну ,буга чейин соттолгон. Кийинкиси 31 жашта Т.Э Бишкекте жашап келген. 3-чү шектүү М.Н Чүй облусунун тургуну, буга чейин соттолгон. Кылмышка шектүүлөр уурдап алган автоунаасын 10миң долларга сатышкан. Учурда алар камакта” деп белгиленген маалыматта

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь