Бишкекте пластикалык бөтөлкөлөр үчүн атайын контейнер орнотулууда(Сүрөт)

492

Борбор калаада таштанды төгүүчү жайларда пластикалык бөтөлкөлөрдү салуу үчүн атайын үстү жабык контейнерлер орнотула баштады.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда решеткалуу контейнерлерди пластик буюмдарды чогултуу менен алектенген жеке компаниялардын бири орноткон.

Бул маалыматты “Тазалык” муниципиалдык ишканасы да тастыктап, алардын бул контейнерлерди орнотууга тиешеси жок экендигин билдирди.

Мэриядан таштандыларды бөлүп кабыл алуу демилгеси толук колдоого алына тургандыгын билдиришти. Мындай демилгени Октябрь районунун акимчилиги да колдоого алат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь