Орусиянын Москва шаарында ,5-март күнү, 1 млн рублга ымыркайын сатканы жаткан 23 жаштагы кыргызстандык Барнохон Расулжан кызы кармалды. Окуя тууралуу “РИА” новости маалымдады
Маалыматка ылайык, айым жаңы төрөлгөн ымыркайын багып ала турган ата-эне издеп социалдык тармактарга жарыя берген. Анда наристени бир миллион рублге берерин жазган. Мурдагы күнү Москванын чыгышында өзү жашаган батирде ымыркайды кардарга берип жаткан жеринен айым колго түшүрүлгөн.
Полиция кылмыш ишин козгоп, тергөө ишин баштаган деп жазылат маалыматта