Сот аткаруучулар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, аталган кызматка Н.И. аттуу жаран Чүй облусунун Москва райондук сот аткаруучуларга карата арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында сот аткаруучулар кызматынан пайдаланып, камакка алынган мүлкүн кайтарып беребиз деп, шантаж кылып 50 миң сом пара талап кылып жатышканын жазган.
Бул арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен катталган.
“4-мартта ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Н.Н. аттуу ага сот аткаручу менен А.А. аттуу сот аткаруучу акча алып жаткан жеринен кармалышты. Ага сот аткаруучу Н.Н. Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди”, – деп жазылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.