“Текебаев боштондукка чыгат” деген имиштер тарады!

407

Социалдык тармакта, Өмүрбек Текебаев кызына жазган каты жарыя болду. Катта, “Салам Айданэк! Кызым, Пекинге качан жөнөп жатасың? Көрүшпөй калсак жакшы бар. Жакшы оку. Үй менен Амантур менен тез-тез сүйлөшүп тур. Менин ишим жакшы болот. Эч кабатыр болбо. Данэк, кыргыз тилин жакшы үйрөн. Исламды философиялык маданият катары оку. Көрүшкөнчө атаң Ө.Текебаев

04.03.2017 ж. Саат 14:00 ”, деп жазып калтырган.

Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана экс-депутаты Өмүрбек Текебаев камакка алынгандан бери эки жылдан ашуун убакыт өттү. Аталган саясатчы үчүн аянтта дагы бир нече митинг өтүп, арты ачарчылык жарыялаганы менен майнап чыккан жок. Андан улам, айрым шыбырттарга таянсак Өмүрбек Текебаев жакынкы күндөрү эркиндикке чыгышы күтүлүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь