“Кыргыз жигиттери билими күчтүү айымдардан коркобуз”-Улан Үсөйүн

245

“Билимдүү, күчтүү айымдардан, кыргыз жигиттер коркобуз” мындай пикирин жарандык активист Улан Үсөйүн билдирди. Анын айтымында, секелек кыз бойго жетээр менен турмуш куруудан алысташы керек. Дүйнө таанымын кеңейтип, билим алууга басым жасоосу зарыл экендигин кошумчалады. Ал эми андай айымдарга мырзалар дагы батынып бара албайт

Коомчулукта аял алдыңбы башкарыш керек деген түшүнүк бар. Бирок, аны сүйүү ,жакшы мамиле жана акыл менен башкарыш керек да. Ал эми эрте турмушка чыкпай, билим алуунун аркасынан жүргөн кыздар, үй бүлө кура албай калып жатат деген сөз, бул аларга татыктуу мырза жок дегенди түшүндүрөт да”

Кыргыз каздарына турмушка чыгуу маселесин көп козгобой, дүйнө таанууга эркиндик бериш керек.”Качан гана алардын билими жогорулаганда, кыргыздын тукуму уланат, өсөт” деп кошумчалады Улан өз сөзүндө.

Улан Үсөйүн кыргыз айымдардын эркиндигин коргогон, тең укуктуу жашоону көздөгөн ой пикирлери менен коомчулукка таанымал инсан.

Эске салсак бүгүн, “Eldik.Media” сайты “Тең укуктуулукка кандай карайсыз?” деген темада түз эфир уюштуруп, ага конок катары эки карама каршы пикирди карманган “Кырк-Чоро” бирикмесинин өкүлү Көчөрбаев Замирбек жана жарандык активист Улан Үсөйүн катышты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь