Бей расмий маалымат боюнча учурда миграцияда 1 млн кыргыз жэараны жүрөт. Расмий билдирүүдө 8000миң деп айтылат. Изилдөөлөргө таянсак, алар жылына Кыргызстанга 2мрд 400миңден ашык суммадагы акча которгон. Аталган каражат мамлекетибиздин дүң продукциясынын 35% түзөт. Ал эми ошол жиберилген тыйындын 50 пайызынан ашыгын мигрант айымдар которгон. Демек, Кыргызстандагы айымдардын көпчүлүгү мигрант деп айтсак болот. Бул боюнча “Замандаш парясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов “Eldik.Media” сайтына болгон маегинде билдирди.
Ал эми балдарын таштап, аргасыздан мигрант болгон жарандарыбызды мамлекетке кайтаруу үчүн аткаминерлердин санын кыскартуу керек деп эсептейт
“Мигранттарды өлкөгө кайтаруу үчүн, Кыргызстандагы чиновниктердин санын кыскартуу керек. Бүгүнкү күндө 30миң аткаминер бар. Эгер жумуш ордун түзүп экономиканы көтөрсөк кайсы эне баласын таштап мигрант болгусу келсин.”
Андан тышкары Молдокматов айымдардын мигрант болуусу бир жагынан жакшы жышаан экенин айтты, анткени өзү иштеп тапкан акчасы менен жеке бизнес ачкандар арбын