Камакты саясатчы Садыр Жапаров апасынын тажыясына барууга уруксат берилди. Бул боюнча Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов фейсбук баракчасына жазып чыкты. Андагы маалыматта, Садыр Жапаров бүгүн түшкө чейин айылына жөнөп кетээри жазылган. Кечээ, 7-мартта, камактагы саясатчынын апасы көз жумган.
Эске салсак, буга чейин Жапаровдун атасы дүйнө салып, аны акыркы сапарга узатууга мурдагы бийлик тарабынан уруксат берилбей, жакындарынын нааразычылыгын жараткан.
“Eldik.Media” порталы саясатчынын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!