МЕНИН ДЕНЕМ МЕНИН ИШИМ! феминисттердин маршы өтүүдө

619

Учурда, борбор калаада аялдардын тилектештик маршы өтүүдө. Ага катышуучулардын арасында Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, активист Эдил Байсалов жана экс-депутат Асия Сасыкбаева бар экени айтылууда.

Чогулгандар “Россия” кинотеатрынын жанынан баштап Курманжан Датканын айкелине чейин жөө келишти. Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында:

“Мындай маршка биринчи жолу катышып жатам. Буга чейин интернетте бул жүрүшкө каршы чыккандар көбөйгөндөн соң мага абдан кызык болду. Негизи, тең укуктуу өлкө болуу ураанына мен дагы кошулам”

Белгилей кетсек, “Феминисттик демилгелер” тынчтык маршына 200гө чукул жаран катышууда, алардын арасынан үй бүлөсү, балдары менен келгендерди дагы байкоого болот

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь