“Адилеттүү мамлекетте жашагым келет”-Садыр Жапаров

421

Жамандык болбосун, ар бир үй бүлөөгө жакшылык ыроолосун” деп сөзүн баштаган Садыр Жапаров апасынын зыйнатына келген тургундарга ыраазычылык билдирди. “Энеме топурак салган буйруптур, тилекке каршы атама буйрубай калды” -деп өкүнгөн камактагы саясатчы адилеттүү мамлекетте жашагысы келгенин жакында андай өлкөгө да жетээрине ишенет.

Буйруса, азыркы учурда адилеттүүлүк орноп келе жатат. Мен Кумтөр боюнча эле түрмөдө отурган жокмун. Башка дагы көйгөйлөрдү көтөрүп келдим. Мисалы “мегаком”. Жакында эле окудум азыркы президент мегакомду сатпайбыз деп чечим чыгарыптыр. Анткени ал өлкөбүзгө киреше алып келип жатат. Бул нерсени туура деп эсептейм” деп кошумчалады Жапаров өз сөзүндө

Бүгүн Садыр Жапаровдун апасын акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Энесин акыркы сапарга узатууга камактагы саясатчыга президент тарабынан уруксат берилди. Белгилей кетсек мурдагы өлкө башчы, атасын акыркы сапарга узатууга тыю салган

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь