Бүгүн Сауд Арабияда кыргызстандыктар өз өнөрүн тартуулайт

371

Бүгүн кыргызстандыктар Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтө турчу Camel Fest фестивалынын алкагында “Көчмөндөр ааламы” фестивалында өнөрүн тартуулайт. Бул тууралуу фейсбук баракчасына Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын маалымат кызматы жазды. Ага караганда, иш чара саат 20:00дон 22:00 го чейин уланат

Маалыматка ылайык, Camel Fest фестивалы 9-мартта башталып 23үнө чейин созулат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Фестивалга катышууга Кыргыз мамлекетине 2 миңге чукул квота берилгени маалым болду. Ал жактан кыргыздар үчүн атайын 15 гектар жер бөлүнүп, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь