Камакты саясатчы Садыр Жапаров апасынын тажыясына барууга уруксат берилди. Бул боюнча Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов фейсбук баракчасына жазып чыккан. Бүгүн 9-марта Садыр Жапаров өзү туулуп өскөн Түп районунун Кең-Суу айылына барып апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катуушуда.
Эске салсак, буга чейин Жапаровдун атасы дүйнө салып, аны акыркы сапарга узатууга мурдагы бийлик тарабынан уруксат берилбей, жакындарынын нааразычылыгын жараткан.
“Eldik.Media” порталы саясатчынын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!