“Адамдын кыжырын келтирген адилетсиздик болуп жатат”. М.Суталиновдун жубайы президентке кайрылды

422

“Менин жолдошума адамдын кыжырын келтирген, чексиз адилетсиздик жүргүзүлүп жатат” мындай билдирүү менен Мурат Суталиновдун жубайы Гүлнара Суталинова президентке ачык кат жолдоду. Мамлекет башчыга кайрылуусун ал Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда Суталинова жолдошунун рак оорусу менен жабыркап жаткандыгын, андай илдет менен түрмөнүн шартында даарылануу мүмкүн эместигин билдирген.

“Эгерде Мурат Суталинов жөнөкөй соттолгон адам болсо, судьялар сот жыйналышын колонияга барып өткөрүп, бир күндө эле чечим кабыл алып коюшмак. Ал эми, биздин иш боюнча мамлекеттик деңгээлде менин күйөөмө карата ачык айкын кыйноо колдонулду. Орун алган мындай сот адилетсиздигине мен башкача баа бере албайм», -деп жазган кайрылуучу.

Билдирүүнүн соңунда, өлкө башчыдан Суталиновдун ишине көнүл бөлүп коюсун суранган!

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь