“Атты өз билемдик менен минди деп айтып жатышат, эртең мас болчу дегенда сөздөр айтылабы? Бул эмне дегендик?” Мындай пикирин Сауд Арабиядагы этнофестивалда буту сынып, оор жаракат алган Асланайым Аширова фейсбук баракчасына жазды. Ал Айнура Темирбекованын “Атка өз алдынча минген” деген сөзүнө жооп кылып, маалыматты төгүндөдү.

Ал эми Маданият министринин мурдагы орун басары Айнура Темирбекова фейсбук баракчасы аркылуу, Асланайымдын жаракаты боюнча, Этно оюндардын бүткүл дүйнөлүк конфедерациясынын атынан маалымат тараткан.

Темирбекованын айтымында, Асланайым Аширова фестивалга жаачы катары чакырылган жана анын катышуусундагы ат үстүндөгү номерлер программада болгон эмес. Ал өз билемдик менен атка минип жаракат алганын жазган

Ошондой эле Ашировага Сауд Арабиядагы эң мыкты клиникада медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын кошумчалаган.

Айнура Темирбекова Эр-Риядда өтүп жаткан “Көчмөндөрдүн ааламы” этнофестивалынын уюштуруучуларынын бири.

Эске салсак, Эр-Рияда өтүп жаткан “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалдын ачылышына даярдык учурунда жаачы Асланайым Аширова ат үстүндө жаракат алып, буту экиге бөлүнүп кеткени айтылган

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: