Ош облусунун Кара-Суу районунда окуучу мал сарайында жипке асынып каза тапты. Бул тууралуу Ош ОИИБнин
өкүлү Нурпери Абдуллаева кабарлады
Маалыматка ылайык, 8-мартта таңкы саат 08:00дө Кара-Суу райондук милициясына 11-класстагы окуучу суицидге барганы тууралуу маалымат түшкөн. Каза болгон өспүрүм чоң атасы менен чогуу турчу. Ал эми ата-энеси учурда Россияда миграцияда болгон.
Нурпери Абдуллаеванын айтымында “Милиция өз жанын кыйган К.Р ысымдуу баланын тек-жайын тактады. Ал Мады айыл аймагынын Чагыр айылында чоң атасы менен жашаган. Ата-энеси Россияда эмгектенип жүрүшөт. Чоң атасынын айтымында, небереси жоош-момун, ызы-чууга аралашпаган бала болчу. Ал суицидге барар алдында эч кандай кат калтырган эмес”
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат