Бүгүн кыргыздын “40 кызы” “кыргызтестинен” өтөт

426

Бүгүн борбор калаада “40 кыз” долбоору башталат. Ага жалпысынын 40 райондун кыздары катышат. Бардыгы билимдүү жана коомдук иштерден артта калбаган селкилер. Бул боюнча иш чаранын уюштуруучулары маалымдады.

Ошондой эле ал сынакка катышкан кыздар элдин алдына боексуз, нукура жүз менен чыгары дагы маалым болду.

Бүгүн, тагыраагы, 11-март күнү кыздар “Кыргызтест” мекемесине барып, кыргыз тили боюнча өз билимин текшертишет.

12-мартта “Супара” этно-комплексинде камыр жууруп, кесме кесишет. Ошол эле күнү түштөн кийин жаа атуу боюнча сынактан өтүшөт.

14-март күнү Кожомкул атындагы спорт сарайда улуттук кийим менен кызыл килемден өтүп, сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

Уюштуруучулардын айтымында, катышуучулар арасында мыктылар тандалып, белектер берилет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь