Ош базарындагы соодагерлер мэриянын алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Митингчилердин айтканына караганда ош базардагы өрттөн жабыр тарткан жарандарга азыркы берилип жаткан орундары кымбат жана шарт жок.

Акциянын катышуучуларынын айрымдарын мэрия тарап кабыл алып, баардыгы мыйзам чегинде болуш керек экенин айтышты. Мэриянын жообун алган соң соодагерлер ак үй тарапка жөнөштү

Эске салсак, Ош базарында 2018-жылы 4 ири өрт кырсыгы катталган. Алардын алгачкысы 30-январда болсо кийинкиси 13-апрелде, 5-мартта жана 4-декабрда да үч өрт кырсыгы катталган. Күйүп кеткен соода орундарынын ордуна жаңы объектин куруу иштери колго алынып, бүткөрүлгөн.

Курулушту тез арада бүткөргөндөн кийин соода орундары күйүп кеткен соодагерлер жеңилдетилген түрдө соода аянттары менен камсыздалары кабарланган болчу. Тилекке каршы ал убада аткарылбай жатат деген соодагерлер нааразчылык акциясына чыгууга аргасыз

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: