Шаар бийлиги 8-мартта өткөн митингке уруксат берген эмес. Бул боюнча, Бишкектин мэри Азиз Суракматов билдирип,
болгону мыйзам талап кылгандай коомдук тартипти гана камсыздаганын маалымдады.
«Бизге жүрүш тууралуу кабар гана берилди. Анда эки маселе болгон: гендердик тең укуктуулук жана аялдардын укугу. Алар жүрүш өткөрүштү, биз коомдук тартипти камсыз кылып бердик. Анда гей-парад же дагы башка акциялар тууралуу эч нерсе жазылган эмес. Ортодо айтылган айрым ураандар, жазуулар бул чагымчылдык деп ойлойм», – деди калаа башчы.
Суракматов мыйзамда митинг өткөрүүгө уруксат берүү деген түшүнүк жок экенин жана Укук коргоо органдары менен мэрия мыйзамдын чегинде гана аракет көргөнүн кошумчалады
Эске салсак, 8-мартта Бишкекте аялдардын укуктарын коргоо максатында жөө жүрүш өткөн. Акциянын айрым катышуучулары ЛГБТны колдогон жазууларды көтөрүп алганы элдин көбүнүн нааразылыгын жараткан.
Ал эми 11-мартта, “Кырк чоро” бирикмеси митингке уруксат берилгендиги үчүн мэрдин отставкасын талап кылып, акцияга чыгышкан.