Нарында аялы киши колдуу болуп, күйөөсү асынып алды! Милиция эмне дейт?

332

5-мартта Жумгал районунун Чаек айылында күйөөсү аялын сабап өлтүргөндөн кийин өзү асынып каза болду. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султангазиева тастыктады.

Ага ылайык, “Жумгал РИИБге 5-март күнү саат 14:55 чамасында Чаек айылындагы үйлөрдүн биринде Д.К. аттуу адам жипке асынып каза болгондугу, жубайы үйүндө төшөктө жаткан абалда көз жумгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Жумгал РИИБдин тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Алар күйөөсү үйдүн короосундагы 2 бөлмөлүү сарайга кирип, жипке тизелеп отурган абалда асынып алгандыгын такташкан. Ал эми 3 бөлмөлүү үйдүн ичинен жашы болжол менен 40-45 чамасындагы аялдын жансыз денеси табылган. Аталган адамдар Жумгал районунун Чаек айылынын тургундары – 1968-жылы туулган Д.К. (күйөөсү) менен 1971-жылы туулган А.Н. (аялы) экендиги такталган.”

Алардын денесине сыртынан кароо жүргүзгөн учурда Д.К.нын денесинен күч колдонуунун белгилери аныкталган эмес. Ал эми маркум аял Н.А.нын денесинде көк ала тактар болуп, күч колдонулган белгилер байкалган. Маркумдардын денелери Жумгал райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Иликтөөнүн жүрүшүндө маркум Д.К. менен Н.А. 1 жылдан бери аталган даректе өздөрүнүн 1939-жылы туулган апасы Б.К. менен чогуу жашап жатышкандыгы такталган. Оозеки сурак жүргүзүү учурунда апасы баласы Д.К. менен келини Н.А. 4-март күнү уруша кетип, баласы келинин сабагандыгын айтып берген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь