“Учурдагы сот системасында мурдагыдай эле сот катачылыктары, мыйзамдарды жана судьянын этикасын бузуу фактылары кездешүүдө” мындай пикирин Сооронбай Жээнбеков “Судьяларынын он биринчи курултайында” билдирди. Мамлекет башчынын баамында, учурда сотторго коомчуулук нааразы, айрым татыксыз судьялардын коррупциялык аракети токтобой жатат
” Мен силердин баарыңарды жаман дегенден алысмын, бирок “бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, силердин катарынарда “сот” деген ардактуу наамды алып жүргөн татыктуу эмес кызматкерлер жок эмес.
Аларга коомчулук, жарандар нааразы. Мыйзамдуулукту коргой турган бийлик бутагынын өкүлдөрү мыйзамсыз кадамдарга барып жатканы, албетте, өкүнүчтүү.
Мисал катары, бүтүндөй сот системасынын аброюна көлөкө түшүргөн акыркы фактыларды айтсак болот.
Айрым татыксыз судьялардын коррупциялык аракеттери токтобой жатат.
Кээ бир судьялардын өз кызыкчылыктарын көздөп, кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар кездешет.
Айрым судьялар тарабынан чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлк объектилерин тартып алууга багытталган чечимдер чыккан.
Мындан сырткары, кээ бир судьялар тарабынан баңги заттарына байланышкан жазык иштерин кароодо мыйзамдын одоно бузулушуна жол берилген.”- деп баса белгиледи президент
Маалыматка ылайык, 2016-2018-жылдар аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 судья кызматынан бошотулуп, 26 судья тартип жоопкерчилигине тартылган.
10 судья боюнча Судьялар кеңеши же тартип комиссиясы тарабынан аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурасына макулдук берилген.
“2018-жылы Судьяларды тандоо кеңеши менин атыма Жогорку соттун, анын Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 88 талапкер боюнча сунуштарын жиберген.
Алардын ичинен 32 талапкерди кайра кайтардым.
Демек, талапкерлерди тандоодо Судьяларды тандоо кеңеши коюлган талаптарды сактабай, соттордун кесипкөйлүгүн эмес, башка критерийлерге басым жасаган десек болот.” деди өлкө башчы