“Eldik.Media” сайтынын “8-марттагы марш боюнча” түз эфиринин коногу Турсунбай Бакир уулу болду. Анын айтымында феминисттердин митингине чет өлкө кызыкдар. Ал эми мэрия тараптан акцияга уруксат берилгени дагы туура эмес. Мэр бул окуяны, шаардын башчысы катары баштан аяк тыкыр көзөмөлгө алышs керек болчу.
“Мэрдин күнөөсү болсо, жооп бериши керек. Анткени, митингдин жүрүшүн көзөмөлгө алышы шарт болчу. Кызыгы, саясатчылар, коомдук ишмерлер дагы бул митингке активдүү катышты. Жарандык активисттердин позициясы түшүнүктүү. Бирок саясатчылардын мындай кадамы мени, жалпы коомчулукту таң калдырды. Эгерде алар келечектеги аброюн эске алганда, акцияга чыкпайт болчу.”
Турсунбай Бакир уулунун баамында, кумсалардын бүгүнкү митинги кийинки муунга терс үлгү. Шаардын так ортосунда катталган бул жүрүш эртең региондорго тарап, бул кадам келечекте чоң көйгөйдү жаратышы ыктымал
Учурдагы тең укутуулук маселесине Бакир уулунун көз карашы түз. Айтымында Кыргызстанда мамлекеттик кызматтардын бир нече пайызын аялдар ээлейт.
“Мектеп мугалимдеринин 80% эле айымдар. Башка кызматтарда дагы аялдарды кезиктирип жатабыз. Мыйзамда мамлекеттик жумуштардын 30% аялдар ээлесин деген берене бар. Гейпараддарга каршы мыйзам дагы иштелип чыгып, 3 окуудан өтүп, бирок кайра артка кайтарылды. Мына ошол мыйзамды жандантуу керек” деди Бакир уулу