Тажикстанда көрүстөндөгү эстеликтерди талкалап кетишти (видео)

351

Тажикстандын Согди облусунун Боги Калон айылында белгисиз адамдар жергиликтүү көрүстөндөгү ондогон эстеликти талкалап кетишти. Бул боюнча маалымат булактары жазып чыкты.

Айыл тургундарынын айтымында, жашоочулардын арасында ашар жолу менен айылдагы көрүстөндү тазалоо иштерине каршы болгон адамдар бар.

«8-мартта кезектеги жолу көрүстөндү тазалаганы келип, 20га жакын эстеликтин талкаланганын көрдүк. Дароо участкалык милиция кызматкери келип, протокол түздү. Учурда бул ишти жасаган адамдар изделүүдө», — деди тургундардын бири.

Бул окуя боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

2015-жылы өлкөнүн Фархор районунда христиан көрүстөнүндөгү төрт миңден ашык эстелик талкаланган. Бирок азыркыга чейин бул ишти кылган адамдар табыла элек. Тажикстанда мындай кылмыштар үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу же айыппул төлөө жазасы каралган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь