УКМКнын өкүлүмүн деп, ЖЭБден түтүктөрдү мыйзамсыз алып чыкмакчы болгон жигит кармалды(Сүрөт)

313

Жасалма документ менен өзүн УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү катары тааныштырган 24 жаштагы Д. уулу И. Уурулук беренесинин негизинде колго түштү. Ал Бишкек ЖЭБинен темир түтүктөрдү мыйзамсыз алып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, калп айткан жаран 7-мартта атайын издөө иш-чаралары учурунда кармалган.

Шектүү жаранга кылмыш кодексинин 200-беренеси (“Уурулук”) боюнча кылмыш иши козголуп, Чүй облусунун убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлүнүкү делген жасалма документтин сериялык номерлери, аты-жөнү, кызмат мөөнөтү, мөөрү 2019-жылы 20-февралда колго түшкөн 39 жаштагы М. Н. аттуу жарандан алынган документтер менен дал келет. Ал Транспорт жана жолдор министрлигинин Талас облусу боюнча жол чарба департаментинин аймактык жол-эксплуатациялоо башкармалыгынын финансылык иштерин мыйзамсыз текшерүүгө аракет кылган.

УКМК аталган жарандардан запкы көргөндөр болсо нөөмөт бөлүмүнүн (0312) 66-04-75 номерине же аймактардагы төмөнкү телефондорго кайрылууну суранат.

Чүй облусу (0312) 54-07 19:
Жалал-Абад облусу (03722) 5-60-49;
Ош облусу (03222) 2-30-78;
Ысык-Көл облусу (03922) 5-11-80;
Талас облусу (03422) 5-20-43;
Нарын облусу (03522) 5-08-49;
Баткен облусу (03622) 5-00-33.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь