Бүгүн 11-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда Сечинов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан ыкчам топ, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
Мындан сырткары жерине ИИМ, тез жардам жана РЭТ кызматкерлери дагы барган. Өрттүн келип чыгуу себептери тактала элек. Кошумча маалыматтар дагы берилет деп билдирет ӨКМ.