Ошто жасалма акча жасаган жарандар кармалды(Сүрөт)

331

Алайда жасалма акча чыгарып жүрүшкөн жарандар кармалды. 8-март алар Алай районунун Чий-Талаа айылынын дукөндөрүндө соода кылып жүргөндө милиция кызматкерлеринин колуна түшкөн. Кармалгандардын баары Ноокат районунун тургундары. Экөө 22 жашта, бири 23 жашта болгон.

«Кармалгандар Чий-Талаа айылынлагы дүкөнгө барып 50 сомдук «Кока-Кола» суусундук, 20 сомдук семичке сатып алышып 2000 миң сомдук бир купюра беришип сатуучудан алар 1930 сом кайтарым акча алышкан. Мындан сырткары Алай районун аймагында беш дүкөнгө кирип, жалпысынан 10 миң сомдук жасалма акча берип кайтарым акчаларын чыныгы накталаай акчага айландырышкан»,-деп айтылат маалыматта

Окуя боюнча 225-берененин (акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) негизинде кылмыш иши козголду. Шектүүлөр Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иши уланууда

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь