Натали Бектенова аттуу фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасына видео жарыялады. Анда 933 номери катталган “Мерседес” үлгүсүндөгү унаадан жолдун ортосунан бир жаран түшүп, артынан унаанын айдоочусу түшүп кеткен жаранды ур-токмокко алды.
Анын жыйынтыгында сокку жеген адам жерге кулап калганын көрүүгө болот. Кулап калган жаранга кайдыгер мамиле жасаган унаа айдоочусу жолун андан ары улантып кетүугө шашканда окуяга күбө жарандар токтотуп калышты. Анда дагы моюн бербеген айдоочу, жабыркаган киши өзү биринчи аны урганын жана ал тууганы экенин айтты.
Окуянын баардыгын, мерседес унаасынын артынан келе жаткан автодогу жарандар тартып алган