Конор Макгрегорго кылмыш иши козголот

310

UFC уюмунун мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор тоноочулукка жана кылмыш жолу менен зыян келтирүүгө шектелип Флориданын Майами-Бич шаарында кармалды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Макгрегорду отелден чыгып келе жатканда аны бир жаран сүрөткө тартып алууга аракет кылат. Бирок андай кадам мушкерге жакпаган өндөнөт ал жабырлануучунун уюлдук телефонун талкалап, буту менен тепселеп, андан соң мобильникти көтөрүп алып кетип калган.

Телефондун ээсинин айтымында анын баасы миң доллар болчу.

Белгилей кетсек, ММА мушкери Конор Макгрегор былтыр 6-октябрда UFC 229 турниринин алкагында россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган. Макгрегор аралаш мушташ боюнча 21 мелдештин жеңүүчүсү, төрт ирет утулган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь