“Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында аткарылган иштер боюнча Лейлек райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Баймурат Бекмуратовдун “Eldik.Media” сайтына берген маеги.


– Баймурат Асатович, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков “2018-жыл региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялаган Жарлыгына ылайык тийиштүү аткарылган иштерге токтолсоңуз.

Мамлекет башчыбыздын “Региондорду өнүктүрүү жылы” деген көрсөтмөсүн жетекчиликке алуу менен жогоруда аталган программаны дагы деле ишке ашыруудабыз. Лейлектиктер, алсак 2018-жылдын ичинде 3 тармакты приоритеттүү келечек деп кабыл алган элек.
Алар:

– “Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү колго алуу”
– “Сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу жана жаңы өздөштүрүүлүчү сугат аянттарын өздөштүрүү менен бирге калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун абалын жакшыртуу”,

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Таза Коом” санариптик трансфомация Программасына ылайык “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жеткиликтүү жана жөнөкөйлөштүрүү” болуп саналат.
Аталган багыттарда бүгүнкү күнгө чейин бир топ иштер жүрүүдө. Ал эми өткөн жылдагы бүткөрүлгөн жакшы жаңылыктар менен бөлүшө турган болсом, Аксуу, Тогузбулак айыл аймактардагы орто мектептеринин жаңы имараттары жаңы окуу жылына пайдаланууга тапшырылды. Ошондой эле Исфана шаарында №48 кесиптик лицейдин имараты, 2021 аскер бөлүгүнүң кызматтык үйү, балдардын жатак интернатынын имараттары толук бүткөрүлүп ишке берилди.
Аймактын дээрлик бардык айыл-кыштактары цифралык байланыш менен камсыз болуп, былтыркы жылдан бери “Bitel” “Мегаком” “О” компаниялары бизде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, калкыбыздын ажатын ачып жатат. 2018-жыл ичинде 84 жаңы абоненттик точкалар, интернет байланышы боюнча 206 жаңы абоненттер коюлган.

Мындан сырткары ондогон чакырым жолдорго асфальт төшөлүп, жамалып жатканы, бир топ көпүрөлөрдүн бүткөрүлгөнү биз үчүн зор жетишкендик деп ойлоймун. Райондун борборундагы спорт комплекс толук бойдон оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бокс ринги жана башка спорттук инвентарлар менен камсыз кылынды. Борбордук стадиондо да оңдоо иштери кызуу жүргүзүлүп жатат.
Алсак, инвестицияларды тартуу боюнча 2018-жылдын 12 айында Лейлек айыл аймагында “Евросоюз” уюмунун колдоосу менен 40 күнөскана куруу пландаштырылып, бүгүнкү күндө 22 күнөскана курулуп бүткөрүлдү. Ак-Терек айылындагы ҮБДТ имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн аталган эле уюму тарабынан 1400,0 миң сом акча каражаты жумшалды. Коргон айылында К.Сабыров орто мектебине окуучулардын үзгүлтүксүз өтүүсү үчүн 1200,0 миң сомдук көпүрө курулду.

-Баймурат Асатович, эми Лейлектин табигый шарты катаал аймагы жана анын жетекчилиги үчүн өткөн жылды улай жакынкы жылдарда чечилүүгө тийиш деп эсептелген приоритеттүү келечектүү багыттарга, да токтоло кетсеңиз?

Санариптештирүү менен өнүгүүнүн жаңы моделине өтүп жатабыз. Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен жарыяланган региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү саясаты өлкөнүн ыкчам өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Быйыл Район боюнча 56 орто мектептерди интернеттештирүү жүргүзүлөт. Ал эми Исфана шаарында “www.isfana.kg” домен менен веб-сайтын ачуу жана шаарга караштуу бөлүмдөр жана социалдык мекемелер аралык электрондук почта аркылуу кат алмашууну жолго коюу каралган. Мындан сырткары жыл ичинде 25 ишканаларды ачуу пландалган. Өзгөчө баса белгилеп кетүүчү нерсе күрүч таңгактоо кичи цехин ачууну ниет кылуудабыз.
Маалымдама: Учурда райондун аймагындагы 15 улуттун өкүлдөрү турган 140 миңден ашуун эл жашайт. Административдик-аймактык жактан район 9 айыл өкмөттөн жана 1 шаар мэриясынан турат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь