Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Султанбаева Айнура Жолдошбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул боюнча өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.
Аталган кызматка Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович шайланды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.