“Кумсалардын митингинде саясатчылардын конкреттүү максаты болгон”-Бейшенбек Бекешов

372

8-мартта айымдардын тилектештик маршына чыккан саясатчылардын, акция боюнча “Билген эмеспиз” деген пикирлерин, белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов актануу деп баалады. Анткени алар акцияга чыгууда конкреттүү максаты жана анын кантип жыйынтыкталаары боюнча билишкен.

Эми минтип коомчулукта башка шылтоо таппай эле, “Билген эмеспиз” деп кутулууга аракет кылып жатышат. Андай саясатчылардын элдин башына кыйынчылык түшкөндө, жеңилин жерден алып, жардамдашаарына көзүм жетпейт. Кудай сактасын ошондой кишилерден” -деп билдирди журналист

“Элге таанылган саясатчылардын кумсаларды колдогону, өздөрүнүн жүзүн көргөзгөнү”– деп кошумчалады журналист.

Белгилей кетсек, 8-март күнү борбор калаада аялдардын тилектештик маршы өтүп, ал акцияга элге белгилүү саясатчылар жана жарандык активисттер дагы катышкан. Коомчулукта аталган митинг боюнча эки кайчы пикир жаралды. Айрымдары, мындай марштын өткөнү аялдардын укугун коргогонго шарт түзүп, ага коомчулуктун көңүлүн бурдурарын айтышса, башкалары жөө жүрүшкө ЛГБТ уюмдарынын катышканын катуу сындап жаткан кези

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь