“Аша чапкандык! ЛГБТ өздөрүн жарнамалап жатышат”-Жанар Акаев

363

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Гейлер сөзсүз эле көчөгө чыгып өзүн жарнамалашы керекпи, бул аша чапкандык, балким чагымчылдык”-деп баамдады

Анын айтымында, кыргызга мындай нерсе жат көрүнүш жана ал сырттан келген саясатты колдобойт

Мен так кесе айтып коеюун, сырттан таңууланган бир дагы саясатты, идеологияны, маданиятты колдобойм. Биздин, кыргыздын өзүнүн маданияты, салты, мурасы бар. Туура, аялдар зордук-зомбулукка, квотанын аздыгына, ала-качууга, Бурулайдын трагедиясы кайталанышына каршы жүрүшкө чыгууга толук укугу бар, ага эч ким каршы болгон жок. Энелерге, эже-карындаштарга, жубайыңа, кыргыз аялдарына болгон орой мамилени өзгөрт, алар сага кул эмес же сатып алган буюм эмес, алардын билимдүү болгонго, иштегенге, баарына укугу бар деген чакырыктан өөн нерсе көргөн жокмун.

Бирок “транс болгонубузга сыймыктанабыз” деген өңдүү чакырыктар, сексуалдык азчылыктын байрагын көтөрүп, аны пропагандалоо аша чапкандык, обу жоктук, балким чагымчылдык деп айтат элем. Макул, табияттан гей дейсиңерби, ЛГБТ дейсиңерби, ошондой болуп жаралып калды дейли, аларды аялуу катмар катары ар бир инсан өзүнчө түшүнүүгө аракет кылса болот, эч ким өз алдынча удургутуп, кодулап жаткан жери жок, бирок бул кыргыз коомуна жат көрүнүш экенин билип туруп, анысын сөзсүз эле көчөгө чыгып жарнама кылышы керекпи? Ар кандай сынга, чууга ошол уюштуруучулар өздөрү себеп болуп жатышпайбы.

Бизде салттуу үй-бүлө, салттуу аял-эркек мамилеси калыптанган, биз ошол менен жашайбыз. Батышта болобу, Араб өлкөлөрүндө болобу, алар үчүн нормалдуу болгон нерсе, эмне үчүн бизге да нормалдуу болушу керек? Батыш же Чыгыш болсун, өнүккөн технология, экономика, билим берүү, кайсыл тармак болбосун, жакшы жагын гана алышыбыз керек, биздин коомго жат болгон көрүнүштөрүн албашыбыз керек.

Мен, Батышта ушундай деп ЛГБТнын желегин көтөрүп, же ар кайсы сектага кошулуп телевизор көргөн күнөө дегендердин бирөөсүн да колдобойм. Биз өзүбүздүн тарыхыбызга, салтыбызга таянып, ошол эле убакта өнүккөн, аялдарын кордобогон, адилеттүү кыргыз коомун курушубуз керек. Анан тараптар агрессия менен буларды атып салыш керек дебей, ЛГБТнын укугуна жан тарткандар сындаган кыргыздарды аң-сезими төмөн, караңгы санабай, беркилери аркыларын биротоло Американын күнү түшүп калган шпион көрүп, улутун чанган немедей кылбай, акыл эстүү диалог, пикирлерди урматтоонун чегинде талкуу болгону дурус болмок.

УКМКда оппозициялык саясатчыларды гана тыңшап, аңдыбай, жалпы эле улуттук идеологияга болуп жаткан соккунун да алдын алышы керек, анткени чиедей балдары менен Сирияга азгырып жаткан экстремисти болобу, кыргыз коому жектешин билип туруп ЛГБТ тууралуу маалыматтык жеңишти көздөгөнү болобу, айтор, коопсуздук маселелери туш тараптан пайда болууда”.

Бул боюнча пикирин депутат “Калыс медиа” сайтына билдирген

Эскерте кетсек, 8-март күнү Бишкекте өткөн акцияда гендердик тең укуктуулук жана аялдардын укугун даңазалаган лозунгдардан тышкары сексуалдык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь