Илгерки “кызтеке” менен азыркы “гейдин” айырмасы…

574

Илгерки “кызтеке” менен азыркы “гейдин” айырмасы… Келечекте дагы эмне деген балакет чыгат?
Илгери деле эмес, кечеги эле 2000-жылдын башында 8-март майрамы башкача түстө, башкача өңүттө майрамдалат эле.
Ооба ал убакта мен мектепке окугандыктан, бул дата жакындаган сайын мугалимге белек беребиз деп акча чогултуп калаар элек. Ошол кездеги элдин жокчулугунанбы же биздин үйдүн кедейлигиненби, айтор ошол сегизинчи мартка жакын ата-энелердин чогулушуна үйдөгүлөр барбай койушат эле. Анан ошол чогулушта ата-энелер комитети канчадан акча чогултаарыбызды чечип, эмне белек алаарыбызды сүйлөшүп мага окшогон үйдөн кишиси келбей калгандарга колуна салам дубай катты карматып жолго салчу. Ал катта эмне болмок эле. “8-март күнүнө карата баланча сомдон чогултуп жатабыз. Мынчасына чейин бергиле сөзсүз”-деген өкүм болот. Аны ата-энеңе алып барсаң, үлбүл жанган электр жарыгына салып карашып, эмнеге мынчадан эмнеге төкөнчөдөн эмес деп талкуулап калышчу. Ошентип сегизинчи март жакындаган сайын класстагы энеси ата-энелердин атаманы болгон классташым, качан бересиң деп жанды койбой башты оорутчу.
Бирок тестиер, көзү башы чарадай болгон менин курагымда мугалимге берчү белектин көйгөйүнөн да башка маанилүүсү бар болчу. Ал класстагы жактырып жүргөн кызга эмне белек берсем, анын кантип көңүлүн өзүмө бурдурам деген бушайманчылык. Мындай ой санаа ошол классыбызда окуган көпчүлүк балдарда бар экени билинчү. Көрсө ошол кезде эле, тууган энебизден да сүйгөн жарды ойлоп баштаган экенбиз деп койом. Апам айтмакчы, “ичтен чыккан ийри жылаан даана эркектер болот окшобойбузбу”. Кыскасын айтканда кыздарга кызыгуу, аларды жандап басуу өзүнчө эле кыял өзүнчө эле эргүү болсо керек. Баарынан да ошол кыздын жанында уят болуу өзүнчө эле өлүм менен барабар сыяктуу эле. Жакаң кир, чачың саксайып калганын айтып мугалим урушса жерге кирип кетейин дейсиң го чиркин. Анан жылына бир келген 8-мартта колуңан келгенин жактырган классташыңа берип алганга чоң себеп эмесби? Ошондуктан кандай белек тартууласам деп ары ойлонуп берип ойлонуп, айрымдарыбыз колго бир нерсе да жасай койчу элек.
Кыздарды урматтаган, кыздарды сүйгөн, кыздардан уялган ал кездеги муунда, эмнегедир “Кызтеке” таяк жеп алып ыйлаган балдарды же ата-энесине арыздангандарды айтышчу эле. Ошондуктан биз анча мынча көз көгөргөндү каалгага, терезеге шылтап койот элек. Сокур немедей кандай эле сен терезе эшикти сүзүп аласың деп апакелерибиз бир нерсе сезгендей кейип алчу. А биз болсо “Кызтеке” деп шылдың болбойлу дечү элек. Дагы бир кызык жагдай бар эле. Эгер сен кыз менен кетип бара жатсаң, братандар анын көзүнчө урчу эмес. Бул эркекчиликке жатпайт деген жазылбаган мыйзам бар болчу. Ошону сактайт элек.
6-7 мартта класста майрамдык салтанат болоор эле. Анда мугалимибиз берген белегибизге кубанып, анча мынча ата-энелер менен “Черные глаза” деген кызыл шараптан ичишип, кызарып кыраан каткы салып калышса, биз бери жакта үйдөн алып келген оливие, сабиз салатка тойуп алып өзүнчө бактылуу элек. Анан да ал күнү кыздар дежур болбойт. Баары биздин эркектердин мойнуна түшчү. Бирок эркек деген эркек да, чала була чамбалап, жыйнаштырганча пол сүрткүч таяк менен ойноп, ары секирип бери секирип кылган “уборкабыз” курусун. Кыздар 8-марттагы эс алуусунан кийин, кири бетине шыбалган доска менен, шайтан ойноп кеткендей болгон тактабыздын кирин кайрале тазалап калышат. Бирок эң негизгиси биз эркек катары бир күн болсо да дежур болдук да. Ии баса дежур демекчи… кадимки күндөрү классты тазалоодо да балдар менен кыздардын так милдети бар. Балдар суу алып келет, таштандыны төгөт, парталарды жылдырат, ал эми кыздар жымылдатып жууп тазалайт. Ушинтип милдетибизди бөлүп алган элек. Дагы бир айтайын дегеним, өзүбүзчө калганда бок ооздонуп ар бир сөзгө энеңди… кошуп сүйлөп, бирок кыздар барда сөгүнбөгөнгө аракет кылчубуз. Кыскасын айтсам ушундай кыздарды урматтаган, кыздардан тартынган, кызтеке десе арданган окуучулук күндөрүбүз өттү.
Ал убакта интернет жакшы жетпегенинби же башка себептенби “Гей, транс” дегенди көрмөк түгүл уккан да эмес болчубуз. Балким кимдир бирөө табигатынан ошондой болгондур бирок ачык айтылып бул көйгөй мектепте көтөрүлгөн эмес. Чынын айтсам мен “Транс, ЛГБТ” деген сөздү түгүл азыр Азаттык кулагыбызга сиңирген “Кумса” деген сөздү укпаптырмын. Азыркыдай аянтка чыгып алып, мен геймин мен трансмын ошого сыймыктанам” деген сыяктуу жазууларды ошол кездеги мага көргөзсө сөз эмне жөнүндө болуп жатканын деле түшүнбөсөм керек.
Азырчы… Азыр заманын кургур өзгөрдү. Гей транс кумса ЛГБТ деген сөздү бешинчи класстын баласы да чечмелеп калган заман. Коомго такыр жат а түгүл түшүнүксүз болгон бул сөздөрдү укпаган көрүнө аз калган кулагы каңырыш картаңдар менен эле тили анча мынча чыгып калган бөбөктөрүбүз билбей калбаса калганыбыз жаттап бүттүк. Канчалык коом жийиркенип аларды жек көргөнүнө карабастан тилекке каршы бул балее каптагандан каптап эле келе жатат.
Анын бир мисалы кече сегизинчи мартта өткөн жүрүш. Атың өчкүр “жанагындай” адамдар жинди кашайткан ураандарды көтөрүп алып, ушул эле Бишкектин көчөлөрүндө басып жүрүштү. Аны жашыбыз карыбыз, студентибиз окуучубуз дебей баарыбыз көрдүк. А түгүл батышчыл саясатчылар ага катышып, талкуусу бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй жатат. Бул маршттын маани маңызы, зыян пайдасы түпкүлүгү туурасында да кийинчерээк кенен жазам. Ага чейин мени түйшөлткөн суроолор бар:
-Эртең менин балам менден сиз гей эмессизби деп сураса эмне кылам? Жиним менен урайын десем ар кайсыны жаңы түшүнүп жаткан бөбөк укканын кызыкканын атасынан сурайт да. Анда мен эмне деп түшүндүрүп берем… башым жетпейт.
– Ал эми кызымчы… кызым чайды өзүң куй десечи… анысына да мейли колума жугуп калмак беле.. же энесин эки сөгүп, чайды куйдуртуп тарбиялаттырып койом, бирок бой жеткенде мен күйөөгө тийбейм, мен төрөбөйм деп чыкса эмне кылам? Баягы жаш кезиндей апасы да ура албайт да… ушунча жыл багып чоңойткон кызыбыз феминист болуп, биздин баалулуктарды тепсеп турса ич кийимчен чыгып алып көчөдө жүрсө эмне кылам? Ооба силер мени күнөөлөп өзүң башынан тарбияла дешиңер мүмкүн. Бирок ушул жинди коомдо, жинди түшүнүктөр ага мектептен, көчөдөн, эн негизгиси колунда 24 саат көтөргөн телефонунан жукпайт деп ким кепилдик берет? Анын үстүнө күйөөгө тийип көзү көгөрүптүр, сабап салыптыр деген маалыматтар туш тараптан жаап жаткан коомдо кызым күйөөнү көргүсү келбей калбасына ким кепилдик берет? Ыя коомчулук кандай кылабыз? Же эмне күнү түнү аркасынан түшүп, телефон бербей ыйлатып, ар күн сайын ЛГБТ фемимисттердин терс жактарын айтып берип отурабызбы?
Эмне кылабыз пикир жазгылачы… башым катып калды… калганын дагы жазаармын?
Ии баса дагы бир суроо: Гей транс дегендер биз кичинекей кездеги кызга окшош балдарды, ата энесине арызданган балдарды атап жүргөн “Кызтекелерби”? Андай болсо ата-энесине арызданган баланы мектепте ГЕЙ транс деп шылдыңга алышабы?

_Ой толгогон: Азамат Бакиров
Бул макала Eldik.Media сайтынын көз карашын билдирбейт

Урматтуу окурмандар сиздерде да кайсы бир көйгөйлөр боюнча ой толгоолор болсо бизге төмөнкү электрондук даректер боюнча жибериңиздер!

eldik.mediakg@gmail.com

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь