Карганбек Самаков жатак абагына которулду. Бул тууралуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Кабыл алынган Жаңы Кодекстерге ылайык Самаков шарттуу түрдө бошотулду. Ошол эле учурда ага өлкөдөн сыртка чыкпоого милдеттендирилди. Бирок, мурдагыдай эле манасчы, ырчы-чоорчулар менен иш алып бара берсе болот.

Карганбек Самаков буга чейин жабык мекемде жазасын өтүп келген. Мындай жаңылыкты фейсбук социалдык тармактын колдонуучулары кубануу менен жарыялоодо.

Эске салсак, 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган. Дагы анын бир жарым жыл убактысы калды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: