“Манас атанын армиясында гейлер болгон эмес деп ким кепилдик бере алат” мындай пикирин Илим Карыпбеков твиттер баракчасына жазды. Андагы билдирүүгө таянсак, ЛГБТларга каршы чыгып сүйлөгөн депутаттын “Биз манастын тукумдары экенибизге сыймыктанабыз” деген сөзүнө Карыпбеков жооп кылып, Манас атанын армиясында гейлердин жок болушуна эч ким кепилдик бере албаарын жазган.
Эске салсак, 8-марттагы, аялдардын тилектештик маршы коомчулукту эки айры пикирге салды. Бул маселени депутаттардан тарта коомдук ишмерлер жана активисттер дагы кызуу талкуулашууда. Анткени ал митингке ЛГБТга таандык желектер жана чакырыктар орун алганы маалым болду