Президент 5 өлкөнүн элчилеринин грамоталарын кабыл алды(Сүрөт)

416

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-мартта Россиянын Элчиси Николай Удовиченкодон, Кытайдын элчиси Ду Дэвэнден, Италияныкы Паскуале Д’Авинодон жана Чех Республикасынын Толук жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рудолф Гиклден жана Бенин Республикасынын Элчиси Нукпо Клеман Кикиден Ишеним грамоталарды кабыл алды.

Мамлекет башчысы аларды Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, иштерине чоң ийгиликтерди каалады.
Ар бир Элчи менен баарлашуу учурунда Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарап экономикага, саясатка, туризмге, билим берүүгө, илим жана техникага байланыштуу бардык багыттар жана эки тараптуу кызыкчылык туудурган башка тармактар боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкка чоң маани берерин белгиледи.

“Эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында мамилелерди бекемдөө жана ошондой эле элдерибиздин ортосундагы достукту тереңдетүү максатында бардык аракеттерди көрөсүздөр деп ишенем”, – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Элчилер соода-экономикалык, саясий, маданий-гуманитардык тармактарда өз ара пайдалуу мамилелерди ургаалдаштыруу жана өнүктүрүү үчүн бардык аракеттерди жумшай турганына Кыргыз Республикасынын Президентин ишендиришти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь