ЧЕК АРАДАГЫ ЧЫРДЫН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ

134

Бүгүн, 13-март күнү Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Кыргызстандын Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун токтотуу талабы менен чогулушту. Чек арага жакын топтолгон тажикстандыктарды кошуна өлкөнүн күч кызматтары, чек арачылары көзөмөлдөп турушат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникалар бара жатканда тажик тараптан адамдар келип, таш менен урушкан. Ошондой эле тажик тарап чек арачылардын дагы кызматтык унаасынын айнегин таш менен сындырып салышкан.
Ал эми кечке жуук Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан улам Ош-Исфана жолу жабылып, ок атылып жатат деген да маалымат тарады. Бул маалыматты тактоо үчүн Чек ара кызматына байлашыканыбыздан тыянак чыккан жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь