Бүгүн, 13-март күнү Кыргыз Тажик Чек ара аймагында жашаган жарандардын ортосунда чыр чыккан. Учурда абал тынчый элек. Биздин “Eldik Media” порталына жергиликтүү тургундарынын видеосу келип түштү. Видеодо ок атылып, тез жардам унаасын чакырып жатканын көрүүгө болот.
Ал эми Баткен районунун акимине телефон аркылуу байланышканыбызда Жол жабылып калгандыктан эки тарап сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгына токтолуп убакыт жок экенин айтып суроолорубузга толук жооп берүүдөн баш тартты.
Бирок учурда абалды жөнгө салуудабыз деп чек ара кызматы ишендирүүдө