Кыргызстандын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт чыккан аймакка жөнөп кетти. Бул боюнча өкмөт кабарлап, ал жактагы абал учурда туруктуу экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, эки тарап министрлери дагы бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Кечээ, 13-март күнү Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Кыргызстандын Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун токтотуу талабы менен чогулушуп, ал чуу атышуу менен коштолгон.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникалар бара жатканда тажик тараптан адамдар келип, таш менен урушкан. Ошондой эле тажик тарап чек арачылардын дагы кызматтык унаасынын айнегин таш менен сындырып салышкан.