Жарандар эмне себептен айып пул кагазын алуудан качып жатышат? Адистердин пикири

354

Бүгүнкү “Элдик талкуу”программасынын туз эфири коопсуз шаар долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандардын айып пулдарын жарандардын үйлөрүнө жеткирүүдө, даректери такталбаган же көчөлөрү жок шаар тургандары ар кандай көйгөйлөргө тушуккан учурларда эмне кылып кайда кайрылуусу керек деген талкууга арналды.

Мына ушул маселенин тегерегинде Бишкек Башкы Архитектуранын топонимика жана эстеликтерди каттоо кызматынын адиси Жылдыз Талантбекова жана Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын аппарат жетекчиси Нимат Мавлянов жооп беришти.

Талкуунун жүрүшүндө Кыргыз почтасынын аппарат жетекчиси Нимат Мавлянов:

Жол эрежелерин бузган жарандардын үйлөрүнө “Бакыт каты” айып пулдарын жеткирүүдө, даректери жок же эскиси жаңы даректерге алмашып кеткендиктен почта адистерине бир канча оорчулук жаралып жаткандыгын” айтты.

Өз кезегинде Бишкек Башкы архитектуранын кызматкери Жылдыз Талантбекова:

Шаар ичиндеги эски жана жаңы даректер толук такталып, такталар илингендигин жана шаардын чет жагында жайгашкан мыйзамсыз үйлөргө тиешелүү тармактардан атайын уруксаат болмоюнча, даректер берилбейт” деди.

Түз эфирдин видеосун толугу менен биздин сайтка кирип корсөңүз болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь