Учурда Жогорку Кеңеште чек ара маселеси боюнча маалымат жабык каралып жатат. Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бир топ депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча тийиштүү органдардын маалыматын угууну талап кылышты.
Бул маселе добуш берүүнүн жыйынтыгы менен күн тартибине киргизилген болчу.