Кыргызстандын тышкы иштер мекемесинин маалыматына таянсак, тышкы иштер министр Чыңгыз Айдарбеков тажикстандык кызматташы Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.
Министрлер «Бир тууган эки элдин достук мамилесин чыңдоо үчүн чек арадагы абалды жөндөө зарылдыгын» белгилешти.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн режимге өттү.
Эске салсак кечээ, чек арада чыр чыгып, ок атылганы айтылган.