Депутат Тазабек Икрамов “Кыргыз Темир жолу” мамлекеттик ишканасында кызмат ээлеп турган казак жараны Алымжан Хасанов боюнча маселе көтөрдү.
Жогорку Кеңештин жыйынында Икрамов казак жараны кызматынан кетиши керек эле, бирок бүгүнкү күнгө чейин мыйзамсыз иштеп жаткандыгын билдирди. Демек, бул “Кыргыз Темир жолу” МИнын жетекчиси парламентти алдаганы дейт. Бул тармакта чет элдик жарандан башка татыктуу иштей турган кыргыз жарандары жокпу? деп ызырынды. Депутат “бул иш-аракеттер мыйзамга каршы келгендиктен “УКМК, Башкы прокуратура кайсы жакты карап отурат?”– деген суроо салды.